
Жарыяланган
2026-22-05, 15:21Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык кызуу жүрүүдө. Даярдыктын алкагында “Манас” аэропортуна кеткен жолдун боюна заманбап жалюзи түрүндөгү темир тосмолор орнотулуп жатат.
Тосмолор Фучик көчөсүндө — “БИШКЕК” стеласынан баштап болжол менен 9 чакырым аралыкка чейин коюлууда. Алар жолдун боюндагы турак үйлөр жайгашкан тилкелерге орнотулат. Ал эми ачык талаа болгон жерлер тосмосуз калат.
Буга чейин Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы долбоорду 391.6 млн сомго баалаган. Бирок тендердин жыйынтыгында иштердин баасы эки эседен ашык арзандап, болжол менен 180 млн сомду түздү.
Шаар башчысынын айтымында, бул иштер борбор калаанын негизги кире беришине бирдиктүү жана көрктүү көрүнүш берүү үчүн жасалууда. Мэр ошондой эле жаңы тосмолор аймактын көрүнүшүн жаңыртып жаткандыктан, жергиликтүү тургундар демилгени жакшы кабыл алганын белгиледи.
Рыскулов көчөсүнөн Достук айылына чейинки көрктөндүрүү иштери 2026-жылдын 30-августуна чейин аякташы керек.
