Akchabarsearch
Бишкекте түтүн газдарынан күкүрттү тазалоо системасы ишке киргизилди

Жарыяланган

2025-16-10, 17:40

Бишкекте түтүн газдарынан күкүрттү тазалоо системасы ишке киргизилди

Күз-кыш мезгилине карата Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) абага бөлүнгөн зыяндуу газдарды азайтуучу жабдуу — күкүрт диоксидин тазалоо системасы кайрадан ишке киргизилди. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Бул жабдуу 2019-жылга чейин Кытайлык TBEA компаниясынын көзөмөлүндө иштеп турган. Бирок адистердин жетишсиздигинен жана калдыктарды кайра иштетүүгө кызыккан тараптардын жоктугунан улам токтотулган болчу.

Азыр бул система ЖЭБдин өз адистери тарабынан көзөмөлдөнүп, кайра иштей баштады. Ал күкүрт кошундуларынын 96,6%ын кармап калып, абага тарашына жол бербейт.

 


Тектеш материалды окуу