
Жарыяланган
2026-04-05, 11:0330-апрелге карата Кыргызстанда уй этинин орточо баасы 706 сомду түздү. Эң жогорку баа Бишкек шаарында катталып, орточо 750 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Монополияга каршы кызмат билдирди.
Ал эми Токмокто уй эти орточо 730 сом, Ош облусунда 715 сом, Караколдо 710 сомдон болууда. Нарын жана Баткен облустарында баа 700 сомдон болуп жатат .
Эң төмөн баалар Жалал-Абад жана Талас облустарында катталды. Жалал-Абадда уй эти орточо 680 сомдон, Таласта 670 сомдон сатылууда.
