
Жарыяланган
2026-10-04, 14:48Бишкекте Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде эстакадалык көпүрөсү бар жаңы транспорттук түйүн курулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Долбоор үчүн 64 объект бузулат. Алардын ичинде жеке жерлер, муниципалдык аймактар жана Ала-Арча дарыясынын коргоо зонасындагы курулуштар бар.
Учурда жер ээлери менен сүйлөшүүлөр жүрүп, эскертүүлөр берилди. Ал эми мыйзамга туура келбеген объектилерди бузуу иштери башталды.
Мэрия бул иштер жол тыгындарын азайтып, шаарды өнүктүрүү үчүн жасалып жатканын белгиледи. Расмий документтери бар ээлерге акчалай компенсация же башка жер сунушталат.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын биринчи кварталында жол оңдоо иштеринин алкагында 246 жеңил объект жана 152 ири имарат бузулган.
