Akchabarsearch
Бишкекте жол курууга 4,5 млрд сом бөлүндү
Сүрөт алынган жер: Президенттин басма сөз кызматы

Жарыяланган

2025-25-03, 16:35

Бишкекте жол курууга 4,5 млрд сом бөлүндү

Бишкекте унаа жолдоруна байланышкан долбоорлорду ишке ашырууга 4,5 млрд сом жана таштандыларды иргөө системасын өнүктүрүүгө 100 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди кабыл алды. Ал быйыл ордо калаада жалпы узундугу 42 чакырымды түзгөн сегиз негизги жолду реконструкциялоо пландалганын айтты.

“Манас” эл аралык аэропортуна баруучу жолду реконструкциялоо иштери да жүргүзүлөт, буга катар эле төрт жаңы автожол, Аламүдүн дарыясынан өтүүчү үч көпүрө курулат.

Мындан тышкары, 250 заманбап автобус алуу пландалууда.


Тектеш материалды окуу