Akchabarsearch
Бишкекте жумуртканын баасы арзандады

Жарыяланган

2026-17-03, 18:00

Бишкекте жумуртканын баасы арзандады

Бишкек шаарында тоок жумурткасынын баасын турукташтыруу боюнча иштер өз жыйынтыгын бере баштады. 

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдиргендей, алар тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, рыноктогу абал көзөмөлгө алынды.

14–15-март күндөрү жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында базарларда жана соода түйүндөрүндө жумуртканын баасы төмөндөгөнү аныкталды. 

Азыркы учурда баалар 10 даана үчүн орточо 110 сомдон 160 сомго чейин түзүүдө.

Соода түйүндөрүндө баа продукциянын түрүнө, өндүрүүчүгө жана жайгашкан жерине жараша айырмаланат. Орточо баа 110–150 сомдун чегинде.

Кызмат тарабынан соода тармактары жана өндүрүүчүлөр менен жолугушуулар өткөрүлүп, негизсиз баа көтөрүүгө жол бербөө боюнча макулдашууларга жетишилди.

Баанын төмөндөшү орточо эсеп менен 1 даанасына 1–3 сомду түздү.


Тектеш материалды окуу