
Жарыяланган
2026-03-02, 15:17Бишкек шаарынын Көк-Жар айылында жайгашкан бетон аралашмаларын өндүрүүчү заводго текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш , архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда адистер ишкананын техникалык жана технологиялык документтерин изилдеп, өндүрүштүк лабораториясы текшерилди. Ошондой эле бетон аралашмаларын даярдоо шарттары иликтенди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Натыйжада аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн ишкананын жетекчилигине 1 айлык мөөнөт берилди.
Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин кайрадан текшерүү жүргүзүлөт.
