Akchabarsearch
Бишкектеги Ч.Айтматов проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

Жарыяланган

2025-26-12, 18:00

Бишкектеги Ч.Айтматов проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкектеги Ч.Айтматов проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-январдан тартып Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А.Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.

Бул жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктү жана аялдама  комплекстерди куруу иштеринин башталышына байланыштуу кабыл алынууда. 

Тиешелүү чечим Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын негизинде кабыл алынып, 1-январдан тартып майрамдык эс алуу күндөрүн эске алуу менен ишке ашырылууда.

Бишкектин тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында, курулуш мезгилинде бул жердеги жол кыймылы убактылуу чектелет. Айдоочуларга алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алуу жана жол белгилерине жана убактылуу белгилерге көңүл буруу сунушталат.


Тектеш материалды окуу