
Жарыяланган
2026-12-03, 18:00Бишкектеги №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Бул Кыргызстандын мыйзамындагы «Балдар мектепте акысыз билим алууга укуктуу» деген талаптарды бузуу болуп эсептелет.
Тактап айтканда, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен көп акча алган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, 4 педагог административдик жоопкерчиликке тартылышса, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин 5 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылышып, ал эми мектептин директору кызматынан бошотулду.
Мектептерде мыйзамсыз акча чогултууларды токтотуу боюнча иштер улантылып жатат.
