Жарыяланган
2025-28-08, 14:13Бишкек шаарынын тургундары жакында үйлөрүнө экологиялык жактан таза жылытуу системаларын орнотуу үчүн 1 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя ала алышат. Бул мүмкүнчүлүк Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашып жаткан «Аба сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында сунушталууда.
Каражат коммерциялык банктар аркылуу берилет. Насыяны төмөнкү жабдууларды орнотууга пайдаланса болот:
• жылуулук насостору,
• электр казандары,
• күн энергиясы менен суу ысытма системалары.
Жарандар 1 млн сомго чейин, ал эми жабдуу жеткирүүчү компаниялар 5 млн сомго чейин насыя ала алышат.
Бул демилге Бишкектеги абанын булганышын азайтууга жана жашоочулардын саламаттыгын жакшыртууга багытталган. Азыркы тапта шаарда көпчүлүк үйлөр эски, көмүр жана отун менен жылытыла турган жабдууларды колдонуп келет.
Долбоордун 2-компоненти — экологиялык жылытуу технологияларын жайылтууну жана ички рынокту өнүктүрүүнү көздөйт. Ошондой эле, бул тармактагы мыйзамдык жана саясаттык шарттарды жакшыртууга багытталган.
«Бул долбоор абанын булганышын азайтып, элдин саламаттыгына оң таасир берет. Ал Борбор Азияда биринчи жолу Кыргызстанда ишке ашууда», — деди долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси Бермет Мусакожоева.
Долбоорду ишке ашырууга Финансы министрлигине караштуу долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү жооптуу. Бул түзүм коммерциялык жана мамлекеттик банктар менен биргеликте насыялык линияларды башкарууда чоң тажрыйбага ээ.
«Аба сапатын жакшыртуу» долбоору 2023–2028-жылдар аралыгында ишке ашып, Эл аралык өнүгүү ассоциациясы (IDA) тарабынан 50 жылдык мөөнөткө, 10 жылдык жеңилдетилген мезгил менен пайызсыз насыя түрүндө берилет.