Akchabarsearch
Бишкектин Октябрь районунда жер сатуу боюнча коррупциялык схема аныкталды

Жарыяланган

2025-15-08, 12:08

Бишкектин Октябрь районунда жер сатуу боюнча коррупциялык схема аныкталды

Бишкектин Октябрь районунда жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга байланыштуу коррупциялык схема аныкталып, райондун мурдагы акими жана Курулуш министрлигинн мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалгандар документтерди жасалмалап Октябрь районундагы жалпы аянты 1 гектардан ашкан 21 жер тилкени мыйзамсыз ээлеп алган деп шектелүүдө. Анын айынан мамлекетке 300 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Шектүүлөр (Б.К. жана У.М.) кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Алар күнөөлөрүн моюнга алып, жерлерди мамлекетке кайтарып беришкен.

Учурда тергөө иштери уланып, бул фактыга катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө. 


Тектеш материалды окуу