
Жарыяланган
2026-11-03, 18:05Бишкек шаарында тамак-аштан массалык уулануу болуп, 13 адам ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Анын ичинен 11 адам ооруканага жаткырылса, экөө амбулатордук дарыланууда.
Жабыркагандар “Буффет” ашканалар тармагынын биринде тамактанганы такталды. Бирок мекеме уулануу болгон даректи азырынча ачыктай элек.
Санитардык кызмат тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, лабораториялык изилдөө үчүн азыктардан үлгүлөр алынды.
Мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлүп, ишканага 23 миң сом айып пул салынды. 11-марттан тарта ашкананын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Учурда эпидемиологиялык иликтөө иштери улантылууда.
