Akchabarsearch
Бюджеттин кирешеси 9 айда 608.1 млрд сомго жетти

Жарыяланган

2026-07-10, 12:06

Бюджеттин кирешеси 9 айда 608.1 млрд сомго жетти

Кыргызстандын республикалык бюджетинин кирешеси 2026-жылдын январь-сентябрь айларында 608.1 млрд сомду түздү. Бул пландалгандан 22.7 млрд сомго көп болуп, план 103.9%га аткарылды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик салык кызматы 259.8 млрд сом, ал эми Мамлекеттик бажы кызматы 139.0 млрд сом киреше чогултту. Салык кызматынын планы 103.6%, бажы кызматыныкы 104.6% аткарылган. Касымалиев жыл аягына чейин бюджеттин киреше бөлүгүндөгү оң көрсөткүчтөрдү сактап, бюджеттик каражаттарды өз убагында жана натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал эл аралык Moody's агенттиги Кыргызстандын суверендүү кредиттик рейтингин «B3» деңгээлинен «B2» деңгээлине көтөргөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул өлкөдөгү экономикалык жана каржылык саясатка берилген маанилүү баа. Рейтингдин жогорулашы Кыргызстанга инвесторлордун ишенимин бекемдеп, узак мөөнөттүү каржылоону тартууга мүмкүнчүлүк берет.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 709.9 млн долларды түзүп, былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 26.2%га өскөн.

Мындан тышкары, январь-июнь айларында Кыргызстанда 1.9 млн адам эс алган. Бул 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына караганда дээрлик 1.4 эсеге көп. Туризмден түзүлгөн дүң кошулган нарк 34.1 млрд сомго жетип, 26.7%га өскөн. Касымалиев чет элдик туристтерди көбүрөөк тартуу, алардын өлкөдө болуу мөөнөтүн узартуу жана туризм инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле өлкө боюнча 67 миң гектардан ашык жер трансформацияланганы, анын 24 миң гектары толук пайдаланылбай жатканы айтылды. Өкмөт башчысы трансформацияланган жерлерди санариптик каттоого алып, алардын толук инвентаризациясын жүргүзүүнү тапшырды.


Тектеш материалды окуу

  • Бюджеттин кирешеси 9 айда 608.1 млрд сомго жетти

    Кыргызстандын республикалык бюджетинин кирешеси 2026-жылдын январь-сентябрь айларында 608.1 млрд сомду түздү. Бул пландалгандан 22.7 млрд сомго көп болуп, план 103.9%га аткарылды.
    2026-07-10 06:06:55