
Жарыяланган
2026-29-10, 12:46Жалал-Абад облусунда үч жылдан бери пенсия ала албай жүргөн 66 жаштагы жаранга Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин пенсия дайындалды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жарандын аскердик билети жоголуп, эмгек стажы жетишсиз болгондуктан пенсияга чыга албай келген.
Ал Акыйкатчы институтуна кайрылгандан кийин тиешелүү мекемелер аркылуу документтери такталып, эмгек стажы 3 жыл 1 ай 17 күн экени аныкталган.
Андан соң пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнүп, ага 2026-жылдын 8-октябрынан тартып пенсия эсептеле баштаган.
Белгилей кетсек, Акыйкатчы институтуна пенсия маселеси боюнча 2025-жылы 6 кайрылуу түшсө, быйылкы жылдын тогуз айында 15 кайрылуу түшкөн.
