Akchabarsearch
Чет өлкөдө иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн жеңилдетилген салык режимине өтүү мөөнөтү узартылды

Жарыяланган

2026-11-02, 10:24

Чет өлкөдө иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн жеңилдетилген салык режимине өтүү мөөнөтү узартылды

Чет өлкөдө иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн жеңилдетилген салык режимине өтүү мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган кызмат чет өлкөдө иш жүргүзүүнү пландаган салык төлөөчүлөр 1-январдан тартып 0,1 пайыз ставкасы боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга милдеттүү экенин эскертет.

Аталган салык системасын колдонуу үчүн салык төлөөчүлөр 1-февралга чейин салыктык каттоодон өткөн жери боюнча 0,1 пайыздык ставкадагы бирдиктүү салыкка өтүү жөнүндө арыз берүүгө тийиш болгон.

Салык төлөөчүлөрдөн келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу, салык салуунун аталган системасына өтүү үчүн арыз берүү мөөнөтү 1-мартка чейин узартылды.


Тектеш материалды окуу