
Жарыяланган
2026-01-07, 17:121-июлдан 31-июлга чейин миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргызстандан айып пул төлөбөстөн өз ыктыяры менен чыгып кете алышат. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Бул үчүн Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө кайрылып, тиешелүү чечим алып, андан соң e-Visa порталы аркылуу мамлекеттик алым төлөбөстөн чыгуу визасын тариздөө керек. Мындай жарандар административдик жоопкерчиликтен бошотулуп, белгиленген мөөнөттө өлкөдөн тоскоолдуксуз чыгып кете алышат.
Бул тартип өлкөдө болуу мөөнөтүн бузган, визасы же уруксат берүүчү документтеринин мөөнөтү өтүп кеткен, ошондой эле мыйзамдуу жүргөнүн тастыктаган документтери жок адамдарга тиешелүү.
Бирок кылмыш иши козголгон, мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечими бар, төлөнбөгөн айып пулу же салыктык карызы бар адамдарга бул мүмкүнчүлүк берилбейт.
Министрлик бул тартип Кыргызстандын аймагында жүрүүнү мыйзамдаштырбай турганын белгиледи. Ал 31-июлга чейин өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө гана шарт түзөт. Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланбаган жана мыйзам бузуу менен өлкөдө жүрүүнү уланткандарга мыйзамда каралган чаралар колдонулат.

