Akchabarsearch
Чүй облусунда курулушка колдонулуучу куму бар эки тилке аукционго коюлду

Жарыяланган

2026-25-08, 13:16

Чүй облусунда курулушка колдонулуучу куму бар эки тилке аукционго коюлду

Жаратылыш министрлигине караштуу Геология кызматы Чүй облусунда курулушка колдонулуучу куму бар эки жер тилкесин аукционго чыгарды.

Алардын бири — Аламүдүн районундагы «Васильевка-контур №702/703» кум тилкеси. Анын баштапкы баасы 1 миң 795 долларды түзөт.

Экинчи объект — Ысык-Ата районундагы Ивановское кенинин «Чыгыш жээги» тилкеси. Бул жерден курулуш кумун казып алууга укук 9 миң 72 доллардан башталган баа менен аукционго коюлду.

Эки тилке боюнча аукцион 2026-жылдын 8-октябрында өтөт.

Аламүдүн районундагы тилке боюнча аукцион райондук мамлекеттик администрациянын имаратында өтүп, катышуучуларды каттоо саат 10:00дөн 10:30га чейин жүргүзүлөт.

Ысык-Ата районундагы тилке боюнча аукцион жарыяда көрсөтүлгөндөй, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында өтөт. Каттоо убактысы 10:00дөн 10:30га чейин.

Аукциондун шарттары жана катышуучуларга коюлган талаптар тууралуу толук маалыматты Бишкек шаарындагы Эркиндик 2 дарегиндеги №305 кабинеттен же Геология кызматынын сайтынан алууга болот.


Тектеш материалды окуу