
Жарыяланган
2026-03-07, 16:59Чүй облусунда автобус, атайын техника жана жеңил автоунааларды чыгаруу боюнча жаңы долбоорлор ишке ашырылууда. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлү Элкинбек Аширбаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы ишканаларда жүргүнчү ташуучу автобустар, коммуналдык техника, таштанды ташуучу унаалар, тез жардам унаалары жана жүк ташуучу автоунаалар чыгарылат.
Учурда айрым долбоорлор даярдалып жатат. Алар келерки жылы ишке кириши мүмкүн.
