Akchabarsearch
Чүйдө унаа менен жайыттарды тебелегендерге 93 миң сом айып салынды

Жарыяланган

2026-25-05, 10:16

Чүйдө унаа менен жайыттарды тебелегендерге 93 миң сом айып салынды

Чүйдүн Кашка-Суу айылындагы Ак-Таш жайытында автоунаалардын жана эндуро мотоциклдеринин жайыттарды тепселеп, жашыл аймактарды бузуп жатканына байланыштуу рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаратылышка зыян келтирген айдоочуларга карата 17 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 93 миң 500 сом айып пул салынды. Ошондой эле жашыл аймактарга мыйзамсыз киргизилген автоунаалар чыгарылып, айдоочуларга жайыттарды жана табиятты сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-чара жайыттарды жана жашыл аймактарды коргоо максатында уюштурулду.

Аталган кызмат эндуро жана башка транспорт каражаттарынын башаламан кыймылы жайыттын кыртышын бузуп, өсүмдүктөр дүйнөсүнө олуттуу зыян келтиреерин эскертти.

 


Тектеш материалды окуу