
Жарыяланган
2026-27-08, 14:33Чүй облусунун Кашка-Суу айылынын аймагында 127.9 млн долларга бааланган жыл бою иштей турган “Baytik Mountain Resort” тоо-туристтик комплексин куруу пландалууда. Долбоорду ишке ашыруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине 27-августта Улуттук инвестициялар агенттигинде кол коюлду.
Келишимге Улуттук инвестициялар агенттиги, «Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААКсы жана «Valmont Group» ЖЧКсы кол коюшту.
Долбоордун алкагында лыжа базасын жана туристтик инфраструктураны, асма жолдорду жана жасалма кар жаадыруу системасы бар трассаларды куруу пландалууда. Ошондой эле мейманканалар, ресторандар, SPA жана борборлор, үй-бүлөлүк жана активдүү эс алуу үчүн жайлар курулат.
Долбоорду каржылоого China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) стратегиялык өнөктөш катары катышат. Мындан тышкары, «Элдик Банктын» насыя каражаттары, жеке өнөктөштүн өз каражаты жана башка булактар пайдаланылат.
Курулуш учурунда кеминде 1 500 жумуш ордун, ал эми курорт ишке киргенден кийин дагы 800дөн кем эмес туруктуу жумуш ордун түзүү пландалууда. Кызматкерлердин кеминде 80%ы Кыргызстандын жарандары болушу керек.
Ошондой эле курортто Smart Resort санариптик башкаруу системасын, энергияны үнөмдөөчү чечимдерди, кайра жаралуучу энергия булактарын жана экологиялык технологияларды киргизүү пландалууда.
Долбоор бир нече этап менен ишке ашырылат. Инфраструктуранын биринчи этабын 4–5 жылдын ичинде пайдаланууга берүү пландалууда.
