
Жарыяланган
2026-03-03, 16:51Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө пунктуна жакын жердеги товарларды эсепке алуу түйүнүнөн мыйзамсыз жүк ташыган эки унаа аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Текшерүү учурунда унаалардын ичинен коштомо документтери жок "Дайсон" үлгүсүндөгү 44 даана чач кургаткыч жана 66 даана чач тармалдаткыч табылган.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, продукциянын жалпы баасы 5 миллион сомдон ашат. Учурда тиешелүү актылар түзүлүп, унаалар айып короого токтотулду.
