
Жарыяланган
2026-24-02, 17:45Дамирбек Осмонов саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Анын талапкерлерлигин кароо Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Ал “Бикард” клиникасынын башкы дарыгери болуп иштеп келген.
Бул кызматты буга чейин Каныбек Досмамбетов аркалап келген.
