Akchabarsearch
“Дан” мамлекеттик ишканасы модернизациядан кийин кайра иштеп баштады

Жарыяланган

2026-23-03, 12:06

“Дан” мамлекеттик ишканасы модернизациядан кийин кайра иштеп баштады

«30+20+10» долбоорунун алкагында Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаменти «Дан» мамлекеттик ишканасы менен таанышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Учурда ишкана өкмөттүн колдоосу менен модернизациядан өтүүдө. 2025-жылдын декабрында кесме өндүрүшү ишке киргизилген. Ал эми 2026-жылдын экинчи чейрегинде суткасына 150 тонна кубаттуулуктагы тегирменди жаңылоо пландалууда.

1975-жылы негизделген ишкана бүгүн 125 адамды жумуш менен камсыздап, кайра иштетүү тармагына салым кошууда.

Жолугушууда мамлекеттик сатып алууларды жөнөкөйлөтүү, жабдуулар менен камсыз кылуу жана лаборатория ачуу маселелери көтөрүлдү.

Бул иштер өндүрүштү өнүктүрүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган.


Тектеш материалды окуу