
Жарыяланган
2026-09-03, 12:32Депутат Махабат Мавлянова жаңы, заманбап ЖЭБ куруу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Эл өкүлү Бишкектеги ыштан арылуу үчүн ЖЭБ куруу керектигин белгиледи.
“Бишкектеги ыш көмүрдөн болуп жатат. Жаз-жай мезгили келип, бул маселени унутуп калабыз. ЖЭБ куруу боюнча инвестор чакырууну сунуштайм. Жаңы заманбап ЖЭБди курган болсок, фильтри жакшы болуп, түтүн чыгарбай, элди жылуулук менен камсыздайт. Инвесторлорго жерди бекер берип, шарт түзүп берүү керек”, - деди депутат.


