
Жарыяланган
2025-24-12, 13:31Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңеште депутат Гуля Кожокулова Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) баа саясатын сынга алды. Анын айтымында, МИКтин батирлеринин баасы базардагы баага теңелип, эл үчүн жеткиликтүүлүгүн жоготуп жатат.
Депутат МИКке жер тилкелери жана башка шарттар бекер берилгенине карабай, батирлердин баасы өсүп жатканын, турак жай саясаты эл үчүн жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи.
“Квадрат метрлер үчүн жарышпай, жеткиликтүүлүк саясатына өтүү керек”, — деди Кожокулова
Ошондой эле Кожокулова үйлөрдү көбүнчө шаарларда эмес, аймактарда куруу зарыл экенин айтты. Анткени шаарларда курулуш көбөйгөн сайын баалар өсө берет.
Буга жооп катары МИКтин өкүлдөрү компаниянын баалары базарга караганда төмөн экенин билдиришти. Алардын айтымында, компаниянын батирлери айрым жерлерде чарчы метри 1 миң доллардын тегерегинде сатылат, ал эми базарда бул баа 2 миң долларга чейин жетет.
Компания азыр 80 миңден ашык батир куруп жатканын, алардын көбү аймактарда жайгашканын кошумчалады. Бирок жол, мектеп, оорукана сыяктуу инфраструктураны куруу МИКтин милдетине кирбей турганын билдирди.
Ага карабастан, депутат баа саясаты кайра каралбаса жана программанын социалдык багыты күчөтүлбөсө, мамлекеттик турак жай жеткиликтүү макамынан ажырап калуу коркунучу бар экенин эскертти.
