Жарыяланган
2025-14-05, 13:48Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева бүгүн, 14-майда парламенттин жыйынында Бишкектен Лейлекке учкан учактардын билет баасы кымбаттап кеткенин айтты.
Анын айтымында, буга чейин "ТезЖет" жана "Асман Эйрлайнс" компаниялары жумасына төрт жолу (дүйшөмбү, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү) Бишкектен Лейлекке учуп турган. Бирок "ТезЖет" каттамды токтотуп, билет баалары кескин кымбаттап кеткен.
"Учурда бир эле "Асман Эйрлайнс" компаниясы каттап жатат. Мурда билеттин баасы 4 миң 250 сомдон башталса, азыркы күндө 6 миң 800 сомго чейин чыгып кетиптир. Лейлек өлкөдөгү алыскы аймак болгондуктан, Бишкек – Раззаков – Бишкек багыты боюнча көп киши каттайт. Унаа менен узак жол жүрүү кыйын", - деп, Темирбаева жарандар билеттин баасын көзөмөлгө алууну суранып жатканын билдирди.