
Жарыяланган
2025-14-05, 13:00Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев бүгүн, 14-майдагы парламенттин жыйынында Кыргызстандагы цементтин кымбатташы боюнча маселе көтөрдү.
Азылгалиев быйыл 31-мартта өкмөт чет жактан цементти ташып келүүгө 6 айга тыюу салып, муну менен Кыргызстандагы цемент өндүргөн ишканаларга колдоо көрсөтүүнү максат кылганын, бирок ал тескери натыйжа берип, өлкөдө анын баасы кымбаттап, таңкыс болуп жатканын, ага байланыштуу аталган чектөө кайра алынганын белгиледи.
"Аткаруу бийлиги цементтин баасы эмнеге көтөрүлүп кеткенин туура талдап чыгышы керек. Ага жараша цемент чыгарган ишканалардын жана цементти саткан ортомчулардын ишин карап чыгууну талап кылам", - деди Азыгалиев.
