Akchabarsearch
Депутаттар Россияда эмгек мигранттарынын балдарын тестирлөөнү талкуулады

Жарыяланган

2026-26-03, 12:52

Депутаттар Россияда эмгек мигранттарынын балдарын тестирлөөнү талкуулады

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттик делегация менен Россияга барышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Москвада эмгек мигранттарынын балдарын жалпы билим берүү класстарына кабыл алуу үчүн өткөрүлүүчү тестирлөөнүн тартиби менен таанышты.

Делегация тапшырмаларды татаалдыгына көңүл буруп, алардын жөнөкөйлөтүлүшү боюнча сунуштарын берди.

«Балдар билим алууга жеңил жетиши керек. Тест шарттары түшүнүктүү жана адилеттүү болушу абдан маанилүү», - деди төрага.

Андан соң делегация ВДНХда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, тесттер жана билим алууга байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулады. Төрага мекендештерге бардык суроолор көзөмөлгө алынарын жана мамлекет тарабынан чечиле турганын маалымдады.

Сапардын экинчи күнү төрага Россиянын Жогорку жана Төмөнкү палаталарынын жетекчилери менен жолугушуп, билим жана тестирлөө жаатындагы кызматташтык маселелерин талкуулайт.


Тектеш материалды окуу