Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-13-09, 13:20

Мамлекеттик пенсиялык фонддун инвестициядан түшкөн кирешеси 3 млрд 545,6 млн сомду түздү

Ушул жылдын январь-август айларында Социалдык фонд Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунан жылдык 14,95-16,60% кирешелүүлүгү менен мамлекеттик баалуу кагаздарга 7 млрд 71,7 млн ​​сом инвестициялады. Бул салымдар фондго туруктуу киреше алып келгенин Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражаттарынын бир бөлүгү жылдык 13,1-17,2% кирешелүүлүгү менен 12 жана 18 айлык мөөнөткө жалпы суммасы 5 млрд 248,8 млн сом коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштырылган. Көрсөтүлгөн мезгилде инвестициянын жалпы көлөмү 12 миллиард 320,6 миллион сомду түздү.

2024-жылдын январь-август айларында мурда салынган инвестициялардын негизинде фонд төмөнкү кирешелерди алды:

  • мамлекеттик баалуу кагаздардан түшкөн киреше 2 млрд 993,8 млн сомду түздү;
  • депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 538,3 млн. сом;
  • фонд эсептериндеги күнүмдүк калдыктар боюнча чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 11,1 млн. сом;
  • башка кирешелер – 2,4 млн. сом.

Ошентип, 2024-жылдын сегиз айында фонддунн каражаттарын инвестициялоодон түшкөн жалпы киреше 3 миллиард 545,6 миллион сомду түздү.


Тектеш материалды окуу