Akchabarsearch
«Дордой» конушунда өрт чыкты: кампалар күйүп, базарлар жабыркаган жок

Жарыяланган

2026-23-10, 09:33

«Дордой» конушунда өрт чыкты: кампалар күйүп, базарлар жабыркаган жок

22-октябрда кечинде Бишкек шаарындагы Ибраимов көчөсүндө, «Джунхай» базарынын маңдайында жайгашкан кампалардан өрт чыкты. Учурда өрт толугу менен өчүрүлдү. «Дордой» жана «Джунхай» базарлары жабыркаган жок. Бул тууралуу «Акчабарга» соода жайларынын өкүлү Бакыт Намазов билдирди.

Анын айтымында, өрт кампалар жана дүкөндөр жайгашкан аймакты каптаган, бирок «Джунхай» базарына жеткен эмес. Намазов базарлардын өзү күйүп жатат деген маалыматтарды четке какты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге саат 19:41де келишкен. Өрттү өчүрүүгө сегиз өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.

Окуя болгон аймак курчоого алынып, коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылууга 200дөн ашык милиция кызматкери тартылган.

Өрт фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана жагдайлары такталууда.

 

 

 

 

 

Как вам разговор? Пригодился?


Тектеш материалды окуу

  • «Дордой» конушунда өрт чыкты: кампалар күйүп, базарлар жабыркаган жок

    22-октябрда кечинде Бишкек шаарындагы Ибраимов көчөсүндө, «Жунхай» базарынын маңдайында жайгашкан кампалардан өрт чыкты. Учурда өрт толугу менен өчүрүлдү. «Дордой» жана «Джунхай» базарлары жабыркаган жок. Бул тууралуу «Акчабарга» соода жайларынын өкүлү Бакыт Намазов билдирди.
    2026-23-10 03:33:08
«Дордой» конушунда өрт чыкты: кампалар күйүп, базарлар жабыркаган жок Акчабарда