
Жарыяланган
2026-13-05, 09:502008-жылдагы дүйнөлүк каржы кризисинен кийин он жылдан ашык убакыт бою дүйнөдө пайыздык чендер төмөн болуп келген. Бирок Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) өзүнүн жаңы макроэкономикалык божомолунда бул мезгил аяктаганын билдирди.
Банктын маалыматына ылайык, 2022–2024-жылдары дүйнөнүн ири өлкөлөрүндө пайыздык чендер кескин жогорулады. Натыйжада насыялар кымбаттап, айрым каржы уюмдары банкротко учурады, ал эми бизнес үчүн акча тартуу кыйындады.
Эгер 2019–2020-жылдары компаниялар еврозонада 1.5–2% жылдык үстөк менен, ал эми АКШда 2–3% менен насыя тарта алышса, 2024-жылга карата каржылоо чендери 5–6% деңгээлине чейин жогорулаган.
Кымбат насыялар инвестициянын көлөмүнө да таасирин тийгизүүдө. ЕАӨБдүн маалыматы боюнча, өнүккөн өлкөлөрдө компаниялардын инвестициялары 2023–2024-жылдары жылына болгону 1%га гана өскөн. Мурда бул көрсөткүч 2–4% түзчү.
Экономисттердин айтымында, кымбат акчанын узак убакытка сакталса, дүйнөлүк экономиканын өсүшү жайлап, каржы рыногундагы тобокелдиктер күчөшү мүмкүн.
