
Жарыяланган
2025-11-12, 12:06Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаңы жылдык салюттардан баш тартууга чакырат.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим пиротехниканын атмосфералык абага терс таасир тийгизет. Айрыкча кыш мезгилинде температуранын инверсиясынан улам булгоочу заттардын концентрациясы кескин жогорулайт.
Министрлик заманбап экологиялык таза альтернативалар, дрондук шоулар майрамдык атмосфераны айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен сактоого мүмкүндүк берерин белгилейт.
Буга байланыштуу министрлик ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, шаарлардын мэрияларына, жергиликтүү бийлик органдарына жаңы жылдык салюттардан баш тартууну камсыз кылууну сунуш кылат.
