Akchabarsearch
Элдик Банк жана БУУӨП Кыргызстанда жашыл каржылоону өнүктүрүшөт

Жарыяланган

2025-09-09, 17:59

Элдик Банк жана БУУӨП Кыргызстанда жашыл каржылоону өнүктүрүшөт

«Элдик Банк» ААК менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) туруктуу өнүгүү, “жашыл”жана климатка багытталган экономика, ошондой эле, инновациялык каржы инструменттеринжайылтуу жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Мындай кызматташуунун чегинде тараптар климаттык инвестицияларды тартууда, туруктуу каржы продукттарын иштеп чыгууда жана жайылтууда банк секторунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле, ESG-ыкмаларын каржыинституттарынын иш-аракетине интеграциялоо боюнча биргелешип иштөөнү карап жатышат.

Мындан тышкары, бул документте кредиттөө ишинде климаттык тобокелдиктерди баалоо үчүн ички инструменттерди кеңири колдонууну жана климаттык факторлорду интеграциялоону кошо алуу менен, климат жана туруктуу инвестициялар чөйрөсүндө билимдерди жана аналитикалык материалдарды алмашуу иштерин арбытуу каралат.

Кызматташтык Кыргызстандын парник газдарынын бөлүнүп чыгарылышын кыскартуу, энергиянын кайра иштелип чыгуучу булактарын өнүктүрүү жана климат туруктуулугун бекемдөө боюнча эл аралык милдеттенмелерин ишке ашырууну колдойт. Мындан тышкары, БУУӨПжашыл каржылоону өнүктүрүү үчүн ченемдик-укуктук базаны кеңейтүүнү караган 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында каржы рынокторун өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Жашыл жана климатты каржылоону кеңейтүү - бул максаттарга жетүүнүн, жеке сектордун өсүшүн жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн колдоонун орчундуу шарты.


Тектеш материалды окуу

  • Элдик Банк жана БУУӨП Кыргызстанда жашыл каржылоону өнүктүрүшөт

    «Элдик Банк» ААК менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) туруктуу өнүгүү, “жашыл”жана климатка багытталган экономика, ошондой эле, инновациялык каржы инструменттеринжайылтуу жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
    2025-09-09 11:59:14