Жарыяланган
2025-18-06, 14:49«Элдик Банк» ААК Директорлор кеңешинин Төрагасы Джыргалбек Эрмеев жетектеген делегация Шанхайда World Expo Exhibition&Convention Center аянтында өтүп жаткан China International Financial Exhibition 2025 көргөзмөсүнө катышууда.
Бул иш-чаранын алкагында Башкарманын Төрагасынын орун басары Медет Таиров Элдик Банктын иш-аракети менен тааныштырып, банктын негизги финансылык көрсөткүчтөрү, продуктылары жана кызматтары, динамикалуу өнүгүүсү, жетишилген ийгиликтери, туруктуу өнүгүү стратегиясы, санариптик трансформация жана банктар жана каржы институттары, ошондой эле Кытайдын ишкерлери менен төлөмдөр багытында кызматташууга кызыктар экендиги тууралуу айтып берди.
"Элдик Банк" ААКнын CIPS (Cross-Border Interbank Payment System) чек аралар аралык банктар ортосунда төлөмдөр системасына түздөн-түз катышуусу жөнүндө келишимге кол коюу салтанаты бул иш-чаранын негизги окуясы болду.
CIPS системасына Элдик Банк менен бирге UOB (Сингапур), Standard Bank (Түштүк Африка), Afreximbank (Египет), MOX (КЭР), First Abu Dhabi Bank (БАЭ) сыяктуу ири дүйнөлүк банктар кошулду. Система менен интеграция банк кардарларына Кытай жана системага катышкан башка өлкөлөр менен соодада жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ошондой эле бир катар олуттуу артыкчылыктарды камсыздайт, атап айтканда: төлөмдөрдү жүргүзүүнү тездетүү, чыгымдарды азайтуу, ачыктыкты жогорулатуу, кытай рыногунда бизнес үчүн инструменттерди кеңейтүү.
Мындан тышкары, CIPS системасына кошулуу товар жүгүртүүнүн өсүшүнө жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода байланыштарынын бекемделишине өбөлгө түзөт, ошондой эле Кыргызстандын ишкерлеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана глобалдык финансылык шарттарга ыңгайлуулугун жогорулатат.
КРУБ лиц. №033