Akchabarsearch
Эмгек министрлиги социалдык мекемелерде жашагандардын айрымдарынын документтери тууралуу түшүндүрдү

Жарыяланган

2026-24-03, 17:28

Эмгек министрлиги социалдык мекемелерде жашагандардын айрымдарынын документтери тууралуу түшүндүрдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык стационардык мекемелерде жашаган айрым кызмат алуучулардын өздүгүн тастыктаган документтери эмне үчүн жок экенин түшүндүрдү.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 17 социалдык мекеме иштеп, анда 2 миңден ашуун жаран жашайт. Документтерди калыбына келтирүү айрым учурларда объективдүү себептерден улам узакка созулат. Айрыкча, мурдагы СССР аймагында төрөлгөн же башка мамлекеттердин документтерине ээ болгон жарандар боюнча маалыматтарды тактоо татаал болууда. Ошондой эле туруктуу жашаган жери жок адамдардын документтерин калыбына келтирүү да кыйынчылык жаратат.

Министрлик тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте документтештирүүнү жеңилдетүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди. Учурда 108 жаранды документ менен камсыз кылуу боюнча иштер уланууда.

Ошол эле учурда мекемелерде медициналык жардам минималдуу деңгээлде көрсөтүлүп, зарыл учурда кызмат алуучулар аймактык медициналык мекемелерге жөнөтүлөрү белгиленди.


Тектеш материалды окуу