
Жарыяланган
2026-21-07, 18:10Кытай менен чектешкен «Эркечтам» өткөрүү пунктун кеңейтүү жана жаңылоо иштери жүрүп жатат. Долбоор аяктагандан кийин анын өткөрүү мүмкүнчүлүгү күнүнө 1000 унаага чейин көбөйөт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда өткөрүү пунктунда инфраструктураны толугу менен жаңылоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Долбоордун алкагында өткөрүү пунктунун аймагы 8 гектарга чейин кеңейтилип, кирүү үчүн 6, чыгуу үчүн 4 унаа тилкеси курулат. Ошондой эле унааларды текшерүүчү заманбап комплекс, кошумча аянтчалар жана жол инфраструктурасы түзүлөт.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев курулуш иштери менен таанышып, жаңыланган өткөрүү пунктун мүмкүн болушунча тез арада ишке берүү боюнча тапшырмаларды берди.
