
Жарыяланган
2026-24-02, 17:21Эрлист Акунбеков министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Анын талапкерлерлигин кароо Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.
Бул кызматты буга чейин Бакыт Төрөбаев аркалап келген.
