
Жарыяланган
2026-26-01, 09:29Эттин баасын жогорулаткандарга 600 миңден ашык айып пул салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Муратбек Иманкулов “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мурда мындай айып пул салынган эмес.
“Бул болуп көрбөгөндөй жумуш. Буга чейин мурунку жылдары этке, социалдык товарларга мынчалык айып пул салынган эмес. Бааны сатуучулар көтөрүп жатат дегенден алыспыз. Ортомчулар дагы, мал өстүргөн дыйкандар макулдашып баа көтөрүлүп жатат. Бул боюнча укук коргоо органдарына бергенбиз. Алар тыкыр иштерин алып барып жатышат”, - деди ал.
