
Жарыяланган
2026-04-02, 17:58Европа рыногунда кыргыз балынын потенциалын жогорулатуу боюнча маселе талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев баштаган адистер республикадагы бардык бал өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрдү. Анда мындан ары экспорт боюнча жол картасын иштеп чыгуу, сапаттуу продукция өндүрүү боюнча маселелер талкууланды.
Белгилей кетсек, Европа комиссиясы кыргыз балын экспорттоого уруксат берип, аны Европа биримдигинин аймагына импортту жөнгө салуучу техникалык регламент тизмесине киргизген.
