Akchabarsearch
Фермерлер асыл тукум мал өстүрүүгө 3% менен насыя ала алышат

Жарыяланган

2026-03-08, 17:39

Фермерлер асыл тукум мал өстүрүүгө 3% менен насыя ала алышат

Кыргызстанда фермерлерге асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3% менен жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт асыл тукум мал чарбасын колдоого багытталган атайын каржылоо программасын бекитти. Анын алкагында фермерлер, асыл тукум чарбалар жана мал багуу менен алектенген ишкерлер жеңилдетилген насыя ала алышат.

Каржылоо бодо мал, топоз, жылкы, кой жана эчки өстүргөндөргө, ошондой эле асыл тукум малды сырттан алып келгендерге жана жасалма уруктандыруу кызматын көрсөткөн адистерге берилет.

Насыянын мөөнөтү 5 жылга чейин болот. Ошондой эле 1 жылга чейин жеңилдетилген мөөнөт каралган. Бир адам же чарба 20 млн сомго чейин каражат ала алат.

Программанын максаты — өлкөдө асыл тукум малдын санын көбөйтүү, малдын сапатын жакшыртуу жана фермерлерге өндүрүшүн кеңейтүүгө жардам берүү.

Насыя алуу үчүн фермерлер «АБанк» жана «Элдик Банкка» кайрыла алышат. Толук маалыматты райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынан алууга болот.
 


Тектеш материалды окуу