Жарыяланган
2025-20-08, 15:06Бишкекте 21-августтан 1-сентябрга чейин Фрунзе менен Осмонкул көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат.Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган тилкеде Фрунзе көчөсү (Т.Айтматов көчөсүнөн К.Тыныстанов көчөсүнө чейин, узундугу 1600 метр) оңдолуп жатат жана анын алкагында жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрөт. Диаметри 700 мм болгон түтүктөр 900 ммге чейин кеңейтилет.
Аталган тармак 1971-жылдан бери иштеп келгендиктен, эскирип, тез арада жаңылоону талап кылууда.
“Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы шаар тургундарын түшүнүү менен мамиле кылып, алдын ала жол каттамын пландоону суранат.