
Жарыяланган
2026-21-05, 09:49Германиянын Академиялык алмашуу кызматы-German Academic Exchange Service чет өлкөлүк университеттер менен ишке ашырылып жаткан өнөктөштүк программалардын көбү токтотулушу мүмкүн экенин билдирди. Буга Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министрлиги тарабынан бөлүнгөн каражаттын кыскарышы себеп болууда. Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасына таянып, Казинформ билдирди.
DAADдын маалыматына ылайык, бюджеттин жетишсиздигинен Африка, Азия, Латын Америкасы жана Жакынкы Чыгыштагы университеттер менен болгон илимий кызматташтыкка каржылоо толугу менен токтотулушу мүмкүн.
Маалыматка ылайык, бул чечимдер Германиянын дүйнөдөгү өнөктөш университеттери менен болгон байланышына олуттуу таасир этет. 2031-жылга чейин бүтүрүүчүлөр үчүн каралган бир гана программа сакталып, калган бардык кызматташтык долбоорлору жабылышы мүмкүн. Учурда мындай долбоорлорго Германиядагы 60ка жакын жогорку окуу жайы катышууда.
Акыркы беш жылда бул программаларга дүйнөнүн 60ка жакын өлкөсүнөн 450 университет жана башка мекемелер кошулган. Жалпысынан 120 миңге жакын адам катышкан.
Долбоорлор энергетика, суу ресурстарын башкаруу, саламаттык сактоо, санариптештирүү жана ишкердик тармактарын камтыйт.
2025-жылы DAAD бул программаларды каржылоого 25 миллион евро бөлгөн. Бирок быйыл Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүү максаттарын колдогон «Туруктуу өнүгүү боюнча өнөктөштүк» программасына жаңы катышуучулар кабыл алынбайт.
DAADдын президенти Жойбрато Мукерджи мындай кыскартуулар Германиянын илим, бизнес жана квалификациялуу кадрларды тартуудагы эл аралык мүмкүнчүлүктөрүн алсыратарын айтты. Анын айтымында, бош калган мүмкүнчүлүктөрдү Кытай жана Россия сыяктуу өлкөлөр пайдаланып кетиши мүмкүн.

