Akchabarsearch
Гүлчө шаарында мыйзамсыз орнотулган автогаз станциясы демонтаждалды

Жарыяланган

2026-13-02, 17:21

Гүлчө шаарында мыйзамсыз орнотулган автогаз станциясы демонтаждалды

Гүлчө шаарында мыйзамсыз орнотулган автогаз станциясы демонтаждалды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, автогаз Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө шаарындагы Нарматов көчөсүндө жайгашкан “Россия Нефт” бренди менен таанылган “АСК Нефт” автоунааларга май куюучу станциясынын аймагында өз алдынча орнотулган.

Текшерүү учурунда станция тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок орнотулганы аныкталды.

Натыйжада башкармалыктын адистери жарандардын коопсуздугун камсыздоо, шаар куруу жана техникалык талаптарды сактоо максатында мыйзамсыз орнотулган объектти демонтаждоо боюнча тиешелүү чараларды көрдү.


Тектеш материалды окуу