Жарыяланган
2025-01-05, 13:14Министрлер кабинети мамлекеттик мүлктү сатуу жол-жобосуна өзгөртүү киргизүүнү көздөөдө. Тиешелүү токтом долбоорду Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги даярдады.
Сунушка ылайык, эгер кайсы бир объект үч жолу аукционго коюлуп, бирок эч ким сатып албаган болсо, мамлекет аны баштапкы баасынан 30% арзан сата алат. Бирок ал үчүн УКМКнын макулдугу керек болот.
Токтом долбоорунда дагы бир жаңычылдык — мүлктү бөлүп төлөө менен сатууга шарт түзүлгөнү жатат. Эгер сатылып жаткан объекттин баасы 100 млн сомдон ашса же аны мамлекеттин 50% же андан көп үлүшү бар ишкана сатып алып жатса, акчаны толук төлөп берүүгө бир жыл берилет. 50-100 млн сомдук мүлктү үч айга бөлүп төлөө менен сатып алса болот. Мамлекеттик мүлктү бөлүп төлөө менен сатып алам дегендер анын баасынын кеминде 30%ын төлөп бериши шарт.
Аны менен бирге кайсы бир мүлктү мамлекетке өткөрүп берүүнү жеңилдетүү каралууда. Ага ылайык, мүлктү мамлекетке соттун чечими менен гана эмес, тараптардын өз ара ыктыярдуу түрдө түзүлгөн макулдашуусу боюнча өткөрүүгө болот. Ошол эле учурда мамлекетке объектти ыктыярдуу өткөрүп берген киши аны 10 жылга чейин ижарага ала алат.
Андан тышкары, мүлктү баалоо тартиби өзгөргөнү турат. Эми мүлктүн базар баасы Юстиция министрлигине караштуу соттук-эксперттик кызматтын адистери тарабынан гана аныктала турган болот.