Akchabarsearch
Илимдер академиясынын мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2026-22-01, 11:29

Илимдер академиясынын мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз негизде жеке жана муниципалдык менчикте турган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук илимдер академиясынын объектилерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча Бишкек шаарынын Дорожная көчөсүндө жайгашкан 11,2 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

1997-жылы Бишкек шаардык мэриясынын токтому менен Кара-Жыгач токоюнун түндүк бөлүгүнөн аталган академиянын алдындагы Токой чарбасы жана жаңгак өстүрүү институтуна илимий-изилдөө иштерин уюштуруу үчүн 11,2 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. 

Аталган институттун балансына өткөрүлүп берилген учурдан тартып, ар кандай себептерден улам, бул жер тилкеси мамлекеттик каттоо органдарында катталган эмес. Бул көрүнүш, кызмат адамдарына жер тилкесин бир канча бөлүктөргө бөлүп сатууга мүмкүндүк берген.

Учурда кылмыш ишинин алкагында мурда мыйзамсыз менчиктештирилген академиянын мүлкүн мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.


Тектеш материалды окуу