Akchabarsearch
Кыргызстанда iPhone 17 сатып алуу үчүн аялдар эркектерге караганда 1.5 айга көп иштеши керек

Жарыяланган

2025-23-10, 15:02

Кыргызстанда iPhone 17 сатып алуу үчүн аялдар эркектерге караганда 1.5 айга көп иштеши керек

iPhone 17 Proнун баасы 135 миң сом. Бул — жөн эле жаңы телефон эмес, Кыргызстандагы жашоо деңгээлин да көрсөтүп тургандай. Өлкөдө орточо айлык 42 миң 522 сом болсо, бул моделди сатып алуу үчүн жаран айлыгын толук чогултса, үч айдан ашык убакыт иштеши керек.

Бирок бул мөөнөт аялдар менен эркектер үчүн бирдей эмес. Себеби аялдардын айлыгы 2023-жылдын аягындагы маалыматка ылайык, орточо эсеп менен эркектерден 26.6%га аз. Жаңы iPhone сатып алуу үчүн эркек киши болжол менен 3 ай, аялдар 4.5 ай иштеши керек болот.

Региондогу көрсөткүчтөр өлкөдөгү экономиканын түрдүү темпте өнүгүп жатканын көрсөтөт.

РегионОрточо айлыкiPhone 17 Pro алыш үчүн канча ай иштеш керек
Бишкек53 909≈ 2,5 ай
Ысык-Көл облусу46 228≈ 2,9 ай
Нарын облусу39 546≈ 3,4 ай
Талас облусу39 247≈ 3,4 ай
Жалал-Абад облусу34 622≈ 3,9 ай
Ош34 715≈ 3,9 ай
Чүй облусу33 450≈ 4 ай
Баткен облусу31 093≈ 4,3 ай
Ош облусу26 777≈ 5 ай

Эгер аймактардагы аялдардын айлыгы орточо эсеп менен эркектерге караганда төрттөн бирге аз экенин эске алсак, Баткен облусундагы аялга жаңы iPhone сатып алуу үчүн дээрлик 6 ай иштөөгө туура келет.

Салыштырсак, Statista маалыматтары боюнча, АКШда орточо айлык алган жумушчу бул телефонду 31 саатта, Швейцарияда — 26 саатта, ал эми Түштүк Кореяда — 80 саатта иштеп ала алат. Ал эми Кыргызстанда жумушчулар орточо эсеп менен бир жумада 38.1 саат иштешет.
 


Тектеш материалды окуу