
Жарыяланган
2026-27-07, 18:5130-июлдан 1-августка чейин “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Аталган күндөрү Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин мамлекеттик сапар менен келет. Ага кошо бир нече мамлекет башчынын катышуусунда Борбор Азия – Азербайжан саммити өтөт.
Ага байланыштуу “Ысык-Көл” аэропортунан Чолпон-Атага чейинки жол маал-маалы менен жабылып турат.
Алагөзов убактылуу ыңгайсыздык жаралгандыгы үчүн алдын ала кечирим сурады.



