Akchabarsearch
Ысык-Көл облусунда 75.5 чакырым эскирген электр зымдары жаңыланат

Жарыяланган

2026-13-03, 13:10

Ысык-Көл облусунда 75.5 чакырым эскирген электр зымдары жаңыланат

Быйыл Ысык-Көл облусунда жалпы узундугу 75.5 чакырым болгон эски алюминий зымдары заманбап СИП зымдарына алмаштырылат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, зымдарды алмаштыруу Каракол шаарында 8.6 чакырым, Чолпон-Ата шаарында 19.7 чакырым, Балыкчы шаарында 5.6 чакырым, Тоң районунда 20 чакырым, Ак-Суу районунда 6 чакырым, Жети-Өгүз районунда 5.5 чакырым жана Түп районунда 7.7 чакырымда жүргүзүлөт.

Реконструкциянын алкагында 1 миң 100 даана эски жыгач мамы жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылат. Иштер март айында башталып, ноябрь айына чейин аяктайт.

Мындан тышкары, быйыл дагы 27.1 чакырым жаңы СИП зымдары тартылып, 588 даана темир-бетон мамы орнотулат. Учурда 11 чакырым СИП зымдары курулуп, 167 темир-бетон мамы орнотулду.

2025-жылы облус боюнча 90 чакырым СИП зымдары тартылып, 1300 даана эски жыгач мамы темир-бетон мамыларга алмаштырылган. Алмаштырылып жаткан мамылар 1960–1970-жылдары орнотулуп, эксплуатациялык мөөнөтүн эки эсе ашырып, авариялык абалга келген.

СИП зымдары карга, жаан-чачынга жана катуу шамалга туруктуу болуп, бак-дарактардын тийишинен келип чыккан авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга жардам берет.

 


Тектеш материалды окуу