Akchabarsearch
    Ысык-Көлдө «Агрокуш» ЖЧКсы өндүрүшүн кеңейтти
    Сүрөт алынган жер: Суу ресурстары министрлиги

    Жарыяланган

    2024-02-09, 10:20

    Ысык-Көлдө «Агрокуш» ЖЧКсы өндүрүшүн кеңейтти

    Ысык-Көл районунда “Агрокуш” ЖЧКсы канаттуулар фабрикасынын №2 аянтчасын аяктап, 24 тоок сарайды ишке киргизди. Бул тууралуу  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

    Маалыматка ылайык, аталган ишкана аймактагы ири инвестициялык долбоорлорго кирет. 

    “Жалпысынан инвестициянын көлөмү 10,3 млн долларды түзсө, анын кубаттуулугу жылына 12,1 миң тоннага барабар”, - деп айтылат маалыматта.

    Белгиленгендей, долбоор жалпысынан 200гө жакын адамды иш орундары менен камсыз кылат.


    Тектеш материалды окуу

    • Ысык-Көлдө «Агрокуш» ЖЧКсы өндүрүшүн кеңейтти

      Ысык-Көл районунда “Агрокуш” ЖЧКсы канаттуулар фабрикасынын №2 аянтчасын аяктап, 24 тоок сарайды ишке киргизди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
      2024-02-09 04:20:09