Жарыяланган
2025-19-05, 11:45Ысык-Көлдө саркынды сууну тазалаган курулмалары жок эс алуучу жайлар туристтерди кабыл ала албайт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмол министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери облустагы эс алуучу жайларды (санаторий, пансионат, конок үйлөрү ж.б.) кыдырып, алардын ээлерине тазалоочу курулмаларлы орнотуу керектиги тууралуу тапшырма берүүдө. Аталган объектилердин ээлери саркынды сууну тазалаган курулмалары жок болгон учурда ишин токтотуу, туристтерди кабыл албоо боюнча милдеттенме алууда.